БИРДИК (Аламүдүн районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БИРДИК 1 to БИРДИК (Аламүдүн районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК (мурдагы Т и л е к, Б а я с т а н) – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Гроздь айыл округуна караштуу. Чүй дарыясынын боюнда, деӊиз деӊгээлинен 500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 25 км түндүк-батыш тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинен 30 км. 1931-жылы отурукташкан. Калкы 314 (2022); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.