БИРИККЕН СӨЗДӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИККЕН СӨЗДӨР – компоненттери тыбыштык жактан өзгөрүүгө учурап, өз ара ширелишип биригип, бир бүтүн сөзгө айланган, бир маани берип, бир басым менен айтылуучу татаал сөздөр. Бириккен сөздөрдө тутумундагы эки сөздүн ичиндеги бир тыбыш башка бир тыбышка өтүп кетет же бир же бир нече тыбыш, кээде муун да сыйлыгышып түшүп калат: быйыл (бу+жыл), кайнене (кайын+эне), аржак (ары+жак), ушер (ушул+жер). Кээ бир Бириккен сөздөрдүн бир компоненти азыркы учурда маанисин жоготкон же мааниси күӊүрттөнүп калган: карагат, кызылгат (алтай тилинде: кат – жемиш), алпкаракуш, Гүлсарат ж. б.