БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР – 17–18-кылымдарда механиканын тааным теориясында объективдүүлүк белгиси боюнча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көз карашында илимий түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, башкача айтканда субъекттин сезимдери же маанайы менен аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы илимий таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери жана сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер менен реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мисалы, туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир химиялык элементтин башка элементтер менен биригүү касиети ж. б.).
Ж. К. Асанов.