БИРЛИК (Түп районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЛИК – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Түп айыл округуна караштуу. Райондун борбору Түп кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 198 км. Деӊиз деӊгээлинен 1636 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1920-жылы негизделген. Калкы 1173 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, китепкана бар.