БИСЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́СЕР (ар. бусра) – тунук, түстүү жана түссүз айнектен, сейрек металлдан жасалган, жипке тизүүгө ылайык ичке көзөнөгү бар майда шурулар. Бисер өндүрүү Байыркы Египет, Византия, Чыгыш өлкөлөрү, Киев Русунда абдан белгилүү болгон. 13-кылымдан баштап Бисерди Венецияда Мурано аралында жасап чыгара башташкан. 18-кылымдын башында Яблонец деген чех шаарында стеклярусту (айнек түтүкчөлөр) өндүрө башташкан жана ал Бисердин бир түрүн түзгөн (яблонецтик бижутерия). Россияда Бисер өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшү 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башына туш келет. 1830–40-жылдарда бисерден жасалган буюмдарга болгон мода өз апогейине жеткен. Бисер менен капчык, сумка, кисет, бювар, панно алкактын ичиндеги сүрөттөрдү кооздошкон. Бисерден жасалган жасалгалар аялдардын костюмунда (шуру, кур, башкийим, тарак, чачкарматкыч, түйгүчтөр) кеӊири пайдаланыла баштайт. Коомдун ар кайсы катмарларында Бисер бастырылган сайма-тикме иштери аялдардын сүйүктүү кол өнөрчүлүгүнө айланган. Бисерден жасалган буюмдардын өнүгүшү жана моданын эволюциясы менен аны кол өнөрчүлүк сувенири катары колдонуу башталган. Архитектуралык Бисер түркүктүн валигиндеги жасалга катары пайдаланылган.