БИСТР
БИСТР (фр. bistre) – 1) жыгачтын саргыч түстүү, тунук, күрөӊ, көөсүнөн атайын даярдалган сүрөт тартуучу боёк. Бистр мурунку сүрөтчүлөрдүн сүрөт тартуудагы сүйүктүү каражаты болгон. 18-кылымдын аягынан Бистр сепия жана тушь колдонулат. Азыркы учурда Бистр өз алдынча материал катары пайдаланылбайт; 2) кыл калем же куш канат менен тартылган сүрөттү түшүндүргөн сүрөт тартуу техникасы.