БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 22 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ К. Карасаев атындагы – жогорку окуу жайы. Гуманитардык билим берүүдө, дүйнөлүк тилдерди окутууда бай тажрыйбага ээ. Анын негизин 1979-жылы ачылган Фрунзе орус тили жана адабияты педагогикалык институту түзгөн. Ал 1992-жылы Тил жана гуманитардык илимдердин мамлекеттик институту, 1994-жылы Бишкек гуманитардык университети болуп түзүлгөн. Университетте чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер, европа цивилизациясы, кыргыз филологиясы, славян таануу жана журналистика, башкаруу, социология жана психология, экология, экономика жана менежмент, кыргыз-кытай факультеттери жана маалыматтык система, китеп жана архив иштери бөлүмү, ошондой эле Үзгүлтүксүз билим берүү институту жана Гуманитардык илимдердин илим-изилдөө институту, аспирантура, докторантура бар. Окуу-методикалык, илимий, тарбиялоо жана практикалык иштерди 35 кафедра, 20га жакын борбор алып барат. Окуу бюджеттик жана келишимдик негизде жүргүзүлүп, 30дан ашык адистикти жана кошумча адистикти даярдайт. БГУ материалдык техникалык базасы мыкты, илимий педагогикалык кызматкерлеринин сапаттык курамы жогору окуу жайлардын катарына кирет. 80ге жакын илимдин докторлору жана кандидаттары жана 70тен ашык чет элдик адистер эмгектенишет. Көптөгөн чет өлкөлүк окуу жайлары, илимий борборлор менен кызматташат. Университеттин уюштуруучусу, биринчи ректору Скирдов В. Д. болгон. Кийинки ректорлору: В. К. Янцен (1986–99), К. К. Конкобаев (1992–94), Т. Т. Тургуналиев (1994), И. С. Болжурова (1995–2002), С. Ж. Мусаев (2003–05), А. И. Мусаев (2005-жылдан).