БИШКЕК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (2007)
БИШКЕК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (2007) – Бишкек саммитинде кабыл алынып, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөлөрүнүн жакынкы келечектеги кызматташуусунун негизги багыттарын аныктаган эл аралык документ. 2007-жылы 16-августта Бишкек шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинде кабыл алынган. Бул документте азыркы учурда бүткүл жер жүзүндө жүрүп жаткан глобалдашуу процесси дүйнө мамлекеттеринин ортосундагы бири-бирине болгон өз ара көз карандылыкты улам тереӊдетип баратканы, бул кырдаалдар айрыкча аймакташ өлкөлөрдүн коопсуздук, туруктуу өнүгүү проблемалары менен ажырагыс биримдикте экендигин, андыктан мындай эл аралык масштабдагы ири маселелерди айрым өлкө өз тарабынан бир жактуу аракеттери аркылуу чече албай тургандыгы баса белгиленген. Бишкек декларациясында дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоонун, жакырчылыкты азайтуунун, өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүү деӊгээлдерин бир кылкалаштыруунун, экономикалык, экологиялык, энергетикалык, маалыматтык коопсуздуктарын камсыз кылуунун, ошондой эле калкты жана ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагын табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан келип чыгуучу кырсыктардан коргоо сыяктуу милдеттерди эл аралык коопсуздуктун проблемаларынан алып таштоого болбой тургандыгы да көрсөтүлдү.
ШКУга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн тышкы иштери боюнча биргелешкен аракеттерине коопсуздуктун төмөнкүдөй архитектурасын түзүү менен эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларынын негизинде жүргүзөт, тактап айтканда: эл аралык мамилелердин бардык субъектилеринин таламдар балансын эске алат (чагылдырат); ар бир мамлекетке өзүнүн тарыхый тажрыйбасына жана улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүү жолун эч кимге көз каранды болбой, өз алдынча тандап алуу, мамлекеттин биримдигин жана улуттук кадыр-баркын коргоо, эл аралык иштерге теӊ укукта катышуу укугун камсыз кылат; эл аралык, аймактык жаӊжалдарды жана кризистерди саясаттын, дипломатиянын каржаттары менен бардык тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, мүдөлөрүн эске алуу аркылуу Эл аралык укуктун нормалары менен принциптерине ылайык жөнгө салуунун кепили болот; маданияттарда жана цивилизацияларда ар түрдүүлүктүн сакталышына, цивилизациялар менен диндердин ортосундагы диалогдордун тереӊдөөсүнө багытталган демилгелердин колдоого алынышына кам көрөт. ШКУга мүчө мамлекеттер ШКУнун аймактык террорго каршы биргелешип, уюшкандык менен иш алпарууну жогору баалайт, ошондой эле анын терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен болгон күрөштү андан ары өркүндөтүүгө олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар деп эсептейт. ШКУга мүчө мамлекеттер мындан ары да энергетика боюнча диалогду улантуу аркылуу энергия берүүчү, отун өндүрүүчү, транзиттөөчү жана керектөөчү мамлекеттер ортосунда практикалык кызматташтыкты эске алуу менен колдоого алат. ШКУга мүчө мамлекеттер экономикалык жактан өнүгүүнүн улуттук программасын ишке ашырууда бири-бирине практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. ШКУга мүчө мамлекеттер эл аралык укуктун алкагында өз ара кызматташууга кызыкдар үчүн Шанхай Уюмунун эшиги ачык экенин дагы бир жолу ырастады.
Азат Абдысатар уулу