БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ
БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР БОРБОРУ (БЖЭБ) – «Электр станциялары» ААКтын филиалы; Кыргызстандын негизги жылуулук электр станциясы; Бишкек шаары үчүн электр, ысык суу жана буу өндүрүүчү башкы ишкана. Анын курулушу 1958-жылы башталган. Биринчи агрегаты 1961-жылы 14-сентябрда ишке киргизилген. Негизги отуну – таш көмүр. 2004-жылы борбордун аныкталган электрдик кубаттуулугу 678 миӊ кВт, жылуулук кубаттуулугу – 2022,4 Гкал/с болгон. Ага 11 агрегат, 24 буу казаны орнотулган (2006). Буу казандарынын жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 4250 т, буу казандарындагы басым 100 атмосфера, температурасы 540°С. Отун катары жаратылыш газы, көмүр, мазут колдонулат.
