БЛЕФАРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 23 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЕФАРИ́Т (гр. blеpharon – көз жапкагы) – көз жапкактарынын сезгениши. Кеӊири таралган өнөкөт оору. Ага жетишсиз тамактануу, аз кандуулук; ичеги-карын жолдорунун оорусу, көзгө чаӊдын, шамалдын дайыма таасир этүүсү, алыстан жана жакындан начар көрүү, астигматизм болгондо көз айнек кийбей жүрүү түрткү берет. Анын жөнөкөй жана жара түрүндөгүсү бар. Жөнөкөй түрүндө көз жапкагынын жээги кызарат, шишип, кычышат, кирпиктердин арасын какач басат; кирпик түшөт, топтошуп же көздү карай кайрылып, туура эмес өсүп, көздү өйкөйт. Жара түрүндөгүсүндө кирпиктин арасында жара пайда болуп ириӊдейт. Ал тер бездерине жана кирпик түптөрүнө тарап, кирпик түшө баштайт. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Врач сунуш кылган дары майды айнек таякча менен сыйпоо, кээде көз жапкагын укалоо (массаж) жакшы таасир берет.