БЛЕШИНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:38, 23 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЕШИ́НСКИЙ Станислав Владимирович [1919, Пишпек – 24. 7. 2005, Фрунзе (азыркы Бишкек)] – химия илимдеринин доктору (1963), профессор (1967). Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1979). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (1980, 1994). 1941-жылы Томск университетин бүтүргөн. 1958-жылдан Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес жана физикалык химия институтунда илимий кызматкер, директордун орун басары, директору, КР УИАнын химия жана химиялык технология институтунда бөлүм башчы болуп иштеген. Сейрек жана чачыранды элементтердин химиясын изилдеген.

Эмг.: О всаливании органических веществ. Ф., 1967; Химия б-ча кызыктуу тажрыйбалар (в соавторстве). Ф., 1984;
Меркабид метана (в соавторстве). Ф., 1988. Прогнозирование и оценка месторождений комплексных руд в чёрных сланцах. Б., 2001.