БОБУЛОВ
БОБУЛОВ Камбаралы (15. 5. 1936, Ош облусу, Ноокат району, Өсөр кыштагы – 25. 1. 2003, Бишкек) – белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер, КРдин маданиятка эмгек сиӊирген ишмери (1993). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1957–62-жылдары «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1963–65-жылдары «Правда» гезитинин атайын кабарчысы, 1966–76-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, 1976–84-жылдары Бүткүл союздук авторлордун укугун коргоо агентчилигинин (ВААПтын) Кыргыз Республикасы боюнча бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенген. КРдин Жогорку Кеӊешинин депутаты (1990), «Кыргыз тил коомунун» биринчи төрагасы (1992–2003) болгон. Депутат катары анын кыргыз тилинин айрым маселелерин чечүүдө жанүрөп иштегендигин жалпы эл колдоого алган. Бобуловдун кыргыз адабий сынынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоӊ. «Окуучунун каты» (А. Токомбаевге ачык кат, 1956), «Оморчулук деген эмне?» (1957), «Азыркы адабий сын жөнүндө пикирлер» (1958), «Махабат баяны» (1959), «Адабий турмуш ойлору» (1965), «Кыргыз прозасындагы реализмди өнүктүрүү жолдору» (1969), «Адабият жана мезгил» (1973), «Сын жана адабий процесс» (1976), «Фольклор жана адабият» (1980), «Жаӊы тилке» (1991) аттуу сын макалалары жана жыйнактары жарыяланган. Бул эмгектеринде кыргыз адабиятынын тарыхы менен кийинки абалынын ар түрдүү маселелери, башка улуттук адабияттар менен карым-катыштары каралган. Бобулов 1969-жылы О. Азия республикаларынын адабий сынчыларынын арасынан биринчи болуп Эл аралык сынчылардын бирикмесинин (МАЛК) мүчөсү болуп шайланган. Ч. Айтматовдун, Т. Сыдыкбековдун, А. Осмоновдун, Токтогулдун чыгармалары жөнүндө сын макалалары кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган жана айрымдары араб, болгар, грузин тилдерине которулган. Жазуучунун «Эркинбек» (1963), «Түштүк кызы» (1962) аттуу аӊгеме, повесттеринде элет турмушу, андагы карапайым адамдардын тиричилиги, өз ара мамилелери, балдардын дүйнөсү, жаштардын коомдон өз ордун табууга болгон далалаты сүрөттөлөт. Анын поэтикалык жыйнактары («Махабат аралы», 1971; «Таӊ шоокуму», 1977; «Акын кыялы», 1985; «Арман китеп», 1997) жарык көргөн. Ал Хафиздин казалдарын, грузин акыны А. Чавчавадзенин, каракалпак акыны Бердахтын лирикаларын кыргыз тилине которгон. Бобулов Даӊк медалы менен сыйланган (1996).