БОДЕН КӨЛҮ
БО́ДЕН КӨЛҮ Германия, Швейцария жана Австрия мамлекеттеринин чек арасында, Альп өндүрүндөгү мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон өрөөндөн орун алган. Аянты 538 км2. Тереӊдиги 252 мге чейин. Түндүк-батышы үчкө бөлүнөт. Жээктери дөбө-дөӊсөөлүү, түштүк-чыгышы аскалуу. Көлдөн Рейн дарыясы агып чыгат. Кеме жүрөт, паром байланышы бар. Балык кармалат. Курорттору бар. Жээгинде Констанц, Фридрихсхафен (Германия), Брегенц (Австрия) шаарлары жайгашкан.