БОЗ-АДЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:25, 24 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-АДЫР – Баткен районундагы кыштак. Суу-Башы айыл округуна караштуу. Райондун борбору Баткен шаарынан 27 км түш.-чыгыш тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 49 км. Деӊиз деӊгээлинен 1190 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3409 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, ФАП, дарыкана, соода борбору, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.