БОЗ-КАРАГАН
БОЗ-КАРАГАН – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Коӊур-Дөбө айыл округуна караштуу. Гүлчө суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1565 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 7 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 80 км. Калкы 1402 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, бала бакча, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.