БОЗ-КЫР КЫРКА ТООСУ
БОЗ-КЫР КЫРКА ТООСУ – Какшаал тоо тизмегинин Сары-Жаз капчыгайынан Меридиан кырка тоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Узундугу 85 км, туурасы чыгышында 40–50 км, батышында 15–20 км. Орточо бийиктиги 5000–6000 м, эӊ бийик жери 7439 м (Жеӊиш чокусу). Генезистик тиби боюнча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец жана мрамор тоо тектеринен турат. Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар жана мөӊгүлөр менен капталган. Эӊ ири мөӊгүлөрү: Түштүк Эӊилчек жана анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы ж. б.; Кайыӊды, Көй-Кап, Темир-Суу (түштүк капталында). Түндүк капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп жана субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. Түштүк капталы чөлдөн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.