БОЗ ТҮШҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 24 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ТҮШҮҮ – чаӊдын, түтүндүн ж. б. заттардын абада топтолушунун натыйжасында атмосферанын бир аз тунарып турган абалы. Көбүнчө боз түшүү чоӊ шаарлардын үстүндө, кыртышы өтө кургак чөлдүү жана жарым чөлдүү райондордо же ошол тараптан келген аба массаларында байкалат. Боз түшүү күчөгөн убагында 1 км, кээде ага жетпеген аралыкта туман баскансып, атмосфера тунарып, жер даана көрүнбөй калат.