БОЗ ҮЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 24 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ҮЙ – байыркы көчмөн элдердин, анын ичинде кыргыздардын негизги турак жайы. Ал тез жыйнап, бат тигүүгө ыӊгайлуу, кереге-ууктары жалаӊ жыгачтан жасалгандыктан жеӊил келип, кышында жылуу, жайында салкын жана көрктүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Боз үй Борбордук Азиянын көчмөн элдеринде жаралып, кийинчерээк түрк жана монгол элдери тарабынан бир кыйла өркүндөтүлгөн. Биздин замандын биринчи миӊ жылынын орто ченинен түрк көчмөндөрү бүктөөгө жана жазууга боло турган эӊ ыӊгайлуу тор көздүү керегелерди пайдалана баштаган. Боз үй тууралуу алгачкы маалыматтар кытай тарыхчыларынын хроникаларында (б. з. ч. 1-кылым), Марко Полонун (1230-ж.), Плано Карпининин (1246-ж.), Клавихонун (1403-ж.) ж. б. саякатчылардын эмгектеринде кездешет. Боз үйдү негизинен түз жерге тигишкен, ошондой эле көчмөндөр жортуулга чыккан учурларда арабанын үстүнө тигилген үйлөрдү да пайдаланышкандыгы белгилүү. Кыргыздарда Боз үйдүн бийигирээк, конус түрүндөгү, ууктары аяк жагынан бир аз эле ийилген (Кыргызстандын түндүк аймактарында) жана жайыгыраак, ууктары аяк жагынан көбүрөөк ийилген, жарым сфера түрүндөгү (Кыргызстандын түштүгү) түрлөрү кездешет.
Б о з ү й д ү н ж а с а л ы ш ы. Боз үй негизинен жыгачтан, кийизден, чийден, боочуудан турат. Жыгаччылыгына (сөөгүнө): уук, кереге, босого таяк (баш босого, аяк босого), түндүк, каалга кирет. Алар талдан, кайыӊдан жасалып, каалга, босого таяктарына оюм-чийимдер түшүрүлөт. Үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш Боз үйдүн жабуусун түзүп, негизинен ак кийизден жасалат. Үйдүн ички-сырткы жасалгалары: жабык баш боо, тегирич боо, үзүк боо, туурдук боо, жел боо, уук учтук, саканак таӊгыч, кылдырооч, канат чий, чыгдан өӊдүүлөрдөн турат. Сырткы боолору жүн менен кылдан эшилсе, ичкилери атайын терип-согулуп жасалат. Боз үйдүн көлөмү керегенин канатынын санына жараша аныкталат. Эӊ кичинеси 4, эӊ чоӊу 12 канат же ууктун санына жараша 40, 60, 80, 100, 120 баштуу Боз үй деп да аталат. Боз үйдүн орточо диаметри 5 м, коломтодон түндүккө чейинки бийиктиги 4–6 м болот.

Жалпы көрүнүшү.

Б о з ү й д ү н т и г и л и ш и. Боз үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалып, сууга жакын, жол тарапты беттеп, эшиги шамалга каршы келбегендей түз жайга тигилет. Адегенде төр керегеси жайылып, канаттары бири бирине кыналып, баштары кереге чалгыч менен чалынып, бекем байланып, эки чети таякка бекитилген босого коюлат. Жел боолорунун башы бакан менен кошо түндүктүн так ортосундагы чамгарагынан бакандын ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн ортосуна туруп, өйдө көтөрүп берет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын учтарын ар кайсы жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат. Эгер бир тарабынан уук көбүрөөк тизилсе, түндүк ошол жагынан көтөрүӊкү көрүнөт. Бул учурда «түндүк чыгып кетти» деп коюшат. Мындай болгондо түндүк чыгып кеткен жактын карама-каршы тарабындагы керегенин бооруна жел боону алып барып, катуу тартып байлоо керек. Эшиктин боосу түндүктүн алкагы аркылуу баш босогого байланат. Керегенин сыртына канат чий курчалат. Боз үйдүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет. Үйдүн кош туурдугу да керегеге жабылып, туурдуктун бел курчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, букары боолору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат. Үзүгүн жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип, үзүк тумарча кылынып үч бүктөлөт да, ортосундагы адам бакан менен өйдө шап көтөрөт. Үзүктүн үстүӊкү жээктери түндүктүн түбүнө такалат. Анан четки экөө үзүктүн эки этегин ылдам жайып кетет. Сырткы эшме боолору уук-кереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө илмектүү байланат. Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, Боз үйдүн артынан бир эле адам так өйдө көтөрүп, бакан менен жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алдыӊкы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга жана түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкталып, беркилерден жоонураак келет.
Б о з ү й д ү н и ч и. Боз үйдүн ичинин бөлүнүшү жана андагы буюмдардын жайланышы элдин турмушу, салт-санаасы менен аныкталып, анын ар тарабы өзүнчө мааниге ээ. Боз үйдүн ортосуна коломто жайгашкан. Калган жери эшик менен коломтого карата улага, эпчи (сол) жак, төр жана эр (оӊ) жагы болуп бөлүнгөн. Улага – үйдүн кире бериши. Эпчи жак – чыгдан менен тосулган, төрдөн эшикке карата сол тарабы. Анда ала бакан орнотулуп, аяк кап, чыны кап илинип, тамак-аш азыктары, идиш-аяк сакталат. Төр – үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, сыйлуу коноктордун орду катары эсептелет. Эр жагы – үйдүн оӊ тарабы. Ал жерде эркектердин кийими, куралы, ат жабдык, ээр-токум ж. б. буюмдары коюлган.
Б о з ү й д ү н ж а с а л г а л а р ы. Боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири – жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Эшик чий,


Төр жагы. Эр жагы.

Эшиги. Эпчи жагы.

канат чий, чыгданга (ашкана) көркөм көчөт түшүрүлүп, жасалгаланат. Боз үйгө туш кийиз тартуу – эзелтен берки салт. Анын боолору ууктун билегине тагылат. Боз үйдүн кире беришиндеги оӊ ыптада ала баканга, кээде керегеге аяк кап, көөкөр, көнөчөк, көнөк, чыны кап улай илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Жерге ала кийиз, шырдак, көлдөлөӊ, курак, сайма төшөктөр төшөлөт. Боз үйдүн жүгү дө өзүнчө кооздук берет. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер элдик көркөм чыг-лыктын эстетикалык күчүн, жергиликтүү өзгөчөлүгүн, улуттук мүнөзүн таасын көрсөтөт.
Б о з ү й д ү ч е ч ү ү жана а н ы с а к т о о. Боз үйдү чечүүдө оболу, түндүк жабуу алынат. Боолорун кырчоодон чечип, үзүктү сыйрып, үч бүктөйт. Жабык баш тегиричи менен түрүлүп, бел кырчоо, эки туурдук төрт бүктөлөт. Канат чиймелердин боолору чечилип, өзүнчө түрүлөт. Алар өз боолору менен арчындалып таӊылат. Эшик чий өзүнчө оролот. Уук тизгичти түрүп, ууктарды аттап чечүү керек. Он чакты уук чечиле электе алабакан менен жел боосун каттай кармап тиреп, түндүктү так көтөрүп алат. Чакан үйдүн уугу, керегеси экиден бөлүнүп таӊылат. Уук жыйналары менен кереге чалгыч, кереге таӊгыч, саканак чалгычтар катар түрүлүп алынып, кереге канаттарын бириктирет. Керегенин канатын жыйноодо анын саканактарын кынаптап бастырып, аны саканак таӊгыч же кереге чалгыч менен тыкан байлайт. Ууктар да өзүнүн боолору аркылуу байланып, уук учтары сынбас үчүн ага уук учтук кийгизилет. Боз үйдү сактоодо босого-таякка таштан, дөӊгөчтөн же кыштан бут кылып, үстүнө керегелерди жаткызат. Анын үстүнө ууктарды кынаптайт. Үстүнөн канат чий, ашкана чий, эшик чий, андан кийин туурдук менен үзүктүн арасына үйдүн жип-шуулары, ички жасалгалары орун алат да, үстүнө түндүк көмкөрүлөт. Боз үйдүн жабууларын жана жабдууларын кургак жайга кармап, кез-кез күнгө жайып, желдетип, ошондой эле күбөгө каршы дарыларды колдонушат.
Б о з ү й д ү н т ү р л ө р ү. Сырткы көрүнүшү, ички жасалгасы жана турмуштагы маани-мазмунуна карай бир нече түргө бөлүнөт: Ак өргөө, чоӊ үй, конок үй, кураштырма үй, тул салган үй, жолум үй, ашкана, жылкычылардын үйү ж. б. Боз үйдүн эӊ чоӊу Ак ордо 12 канаттан туруп, 180–200 баштуу болот. Түндүгү жеӊил, бекем болушу үчүн арчадан жасаган. Анын үч үзүгү, алты туурдугу болуп, жабуусун эркектер ат үстүнөн жабышкан. Түндүгү эки бакан менен көтөрүлгөн. Ичи, тышы асемделип, кооздолгон. Ак ордо эл башчылары туруучу жай – резиденция экендигин да билдирген. Байыртадан келе жаткан салт боюнча улуулары үйлөнүп, өзүнчө жашап, ата-энеси эӊ кичүү баласынын колунда жашаган, ал үйдүн көлөмү кичине болсо да, чоӊ үй деп аталган. Мындай үйдү «чоӊ үй» деп атоо менен тууган-туушкандары карыларга урмат-сый көрсөткөнүн билдиришкен. Меймандос кыргыз эли конокторду кабыл алуу үчүн да өзүнчө үй көтөрүп, ал конок үйдүн ичи-тышы жасалгаланган. Кураштырма үй турмушта эӊ сейрек кездешип, башка өлкөдөн келген өкүлдөрдү кабыл алуу үчүн колдонулса керек. Тарыхый маалыматтарга караганда, бир мезгилде 500 киши баткан кураштырма үйлөр болгон экен. Тул салган үй 6–8 канаттан туруп, үй ээси каза болгондон ашын бергенче тигилген боюнча бир орунда турган. Учурда Боз үй аш-тойлордо, салтанаттуу майрамдарда, маркумдун сөөгүн коюу жөрөлгөсүндө, эс алуучу жайларда, ошондой эле ашкана катары да пайданылууда.
А. Акматалиев.