БОЗБАРМАК «УСТАКАНАСЫ»
БОЗБАРМАК «УСТАКАНАСЫ» – Ысык-Көлдөгү эӊ байыркы археологиялык эстелик; төмөнкү палеолиттин ашель, мустье доорлоруна таандык. Балыкчы шаарына жакын жердеги Ак-Өлөӊ кыштагынын чыгыш тарабындагы Боз-Бармак тектирчесиндеги жайгашкан таш курал жасоочу «устакана». Андан палеолитке таандык куралдар табылган. Археологдор В. Ранов, М. Юнусалиев, А. Деревянко, А. Зенин тарабынан изилденген. М. Юнусалиев бул эстеликти Саламат-Булак деп атоону сунуш кылган.
К. Табалдиев.