БОЛОНЬЯ УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 25 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛО́НЬЯ УНИВЕРСИТЕТИ – Европадагы байыркы университет. Италиянын Болонья шаарында жайгашкан. 11-кылымда негизделген. Диссертация жазуу, аны коргоо жана ага жараша илимий даража берүү салты биринчи жолу ушул университетте пайда болуп, бара-бара дүйнө жүзүнө тараган. Бул окуу жайда бардык тармактар боюнча адистер даярдалат. Учурда 60 миӊден ашуун студент билим алат.