БОЛОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 25 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛОТ – темир менен көмүртекти, башка элементтерди (марганец, кремний, күкүрт, фосфор ж. б.) кошуп, эритип алынган элпек иштетилүүчү (деформациялануучу) куйма. Ал химиялык курамы боюнча көмүртектүү Болот, ал эми курамына көмүртектен тышкары хром, никель, молибден кошулса, легирленген Болот болуп айырмаланат. Болот алуунун көп процесси бар (к. Болот эритүү). Болот өндүрүшүнүн негизги агрегаттары: конвертор, мартен меши, электр меши. Жогорку сапаттагы Болотту алыш үчүн тазартылган эритмелер колдонулат. Химиялык түзүлүшүнө карай ал көмүртектүү жана маӊыздалган деп бөлүнөт. Маӊыздалган Болоттун түзүлүшүнө маӊыздоочу элементтер (хром, никель, молибден, вольфрам, титан ж. б.) кирип, анын сапатын жогорулатат. Маӊыздоочу элементтер тамга жана сан менен белгиленет. Мис.,