БОНГО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БОНГО ( to БОНГО) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНГО (Tragelaphus eurycerus) – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Токой антилопасы уруусунун эң ири өкүлү; дене узундугу 1,7–2,5 м, куйругунун узундугу 45–65 см; салмагы 210–405 кг. Денесинин жон жагы кочкул-күрөң, капталдарында ак чийиндери, буттарында жана төшүндө жарым ай сымал ак тактары бар; мүйүзү лира сымал, эркегинин мүйүзүнүн узундугу 1 мдей. Батыш жана Борбордук Африканын майда токойлорун мекендейт; кургак сезондо бийик тоолорго 3000 мге мейин көтөрүлөт, жаанчыл мезгилде өзөн жээгине түшөт. Бонго өтө сак, коркок, жашыруун тиричилик кылат. Таң эрте жана кечкурун оттойт; негизинен өсүмдүктүн жаш өркүндөрү, жалбырактары жана мөмөсү менен азыктанат. Эрекектери жалгыздан, 50дөй ургаачысы жаш музоолору менен үйүр түзөт. Ургаачысы жылына бирден музоо тууйт. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.