БОНИТЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНИТЕ́Т (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө ж. б-га салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой Бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой Бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак Бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү.

А. Конушбаева.