БОО-ТЕРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОО-ТЕРЕК – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кыштак. Боо-Терек айыл округуна караштуу. Талас – Тараз автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 975 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта, Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 75 км. 1891-жылы отурукташкан. Калкы 6407 (2022); негизинен айыл чарба жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, спорт комплекси, универсал дүкөн, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.