БОР РАДИУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР РАДИУСУ – атом теориясына ылайык аныкталган суутектин атомдорундагы ядрого (протонго) эӊ жакын электрон орбитасынын радиусу. Ал Н. Бордун атомдук түзүлүш теориясынын негизинде 1913-жылы аныкталган. Бор радиусу а0= 􀁋 2/me2=5,2917706(44) · 10–11м (1980), мында m жана e – электрондун массасы жана заряды, 􀁋 – Планк турактуулугу (2ге бөлүнгөн). Квант механикасында Бор радиусу суутектин дүүлүкпөгөн атомунун ядродон электронго чейинки аралыгы катары аныкталат.