БОРАЦИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРАЦИ́Т – бораттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Mg3B7O13Cl. Куб жана ромб сингониясында кристаллданат. Түссүз, айнектей, кээде алмаз сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 7–7,5. Салыштырма салмагы 2,97. Ал ангидрит жана таш туздарынын кендеринде кезигет. Бор кенташынын негизги минералы.