БОРБОРГО УМТУЛУУЧУ КҮЧ
БОРБОРГО УМТУЛУУЧУ КҮЧ – ийри траектория боюнча кыймылда болгон нерсеге аракет кылуучу борборго багытталган механикалык аракет. Ал сан мааниси боюнча борбордон четтөөчү күчкө барабар. Борборго умтулуучу күчтүн аракети астында материалдык чекит ийри сызыктуу кыймылдайт. Ал түз сызыктуу кыймылда нөлгө барабар.