БОРБОРДУК АФРИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК А́ФРИКА – негизинен Конго ойдуӊун жана аны курчаган бөксө тоолорду камтыган табигый аймак. Батышынан Атлантика океаны жана Гвинея булуӊу менен чулганат. Анда Камерун, Экватордук Гвинея, Борбордук Африка Республикасы, Габон, Конго Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы, Ангола, Замбия, Сан-Томе жана Принсипи мамлекетинин бүт аймагы же айрым бөлүктөрү жайгашкан. Тоолордун бийиктиги түндүгү менен батышында 500–1000 м, түштүгү менен чыгышында 1000–1500 мден ашык. Климаты 3° түндүк климаты менен 2–3° түштүк климатынын аралыгында экватордук, нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1500 ммден ашык (Камерундун батыш капталында 10 000 ммден ашык), түндүккө жана түштүккө карай субэкватордук; жайында нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000 ммден аз), Атлантика океанынын жээгинин Лопес тумшугунан түштүккө карай тропиктик (жаан-чачыны 200–300 мм). Негизинен Конгонун (Заир) алабына кирген жыш жана суусу мол дарыя тармактары бар. Экваторго жакын дайыма жашыл экватор токою, андан түндүккө жана түштүккө карай жалбырагы күбүлмө (кургакчыл мезгилде), дайыма жашыл токой, бийик чөптүү саванна өсүмдүктөрү өсөт.