БОРБОРДУК БАНК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК БАНК (англ. Central bank) – банк системасынын акча рыногунун теӊдештигин камсыз кылуучу башкы звеносу; өкмөттүн карыздык жана кредиттик операцияларындагы ортомчу. Борбордук банк өлкөнүн акча массасын‚ валюта курсун башкарууда жана валюта резервин сактоодо башкы ролду ойнойт. Көп өлкөлөрдө Борбордук банк акча эмиссиясынын бардык укугуна ээ. Негизги милдеттери: 1) акча жүгүртүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу; 2) кредит‚ акча жүгүртүү‚ эсеп жана валюталык мамиле жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү. Борбордук банк төмөнкү иштерди аткарат: 1) акча эмиссиясын жана алардын жүгүртүлүшүн уюштурууну камсыз кылат; 2) башка кредиттик мекемелерде касса резервдерин топтойт жана сактайт; 3) коммерциялык банктарды кредиттөөнү камсыз кылат жана алардын ишмердигин контролдойт.