БЕЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗДЕР – адам жана жаныбар организминдеги физиологиялык иштерге катышуучу биологиялык активдүү зат – гормондорду иштеп чыгуучу органдар. Өзүнүн иштеп чыккан гормонун өткөөлдөр аркылуу дененин сыртына же былжыр челге чыгаруучу бездерди экзокрин же сырткы секреция бездер, ал эми алар бөлүп чыгарган заттар секреттер деп аталат. Өткөөл түтүктөрү жок, иштеп чыгарган гормондорун канга же лимфага түздөн-түз берүүчүбездер эндокрин же ички секреция бездер деп аталат. Кээ бири кандагы з а т а л м а ш у у н у н акыркы заттарын чогултуп, аларды сыртка чыгарат. Ошентип организмди уулануудан сактайт. Аларга бөйрөк, тер жана жаш Бездери кирет, к. Ички секреция бездери.