БОРБОРДУК КҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРДУК КҮЧ – ар кандай абалдагы нерсенин аракеттенүү сызыгы күчтүн борборундагы чекит аркылуу өтүп, нерсеге аракет кылган күч. Ага планетанын борборуна багытталган оордук күчү, электр-статикалык тартуу же түртүү күчү ж. б. кирет. Борбордук күчтүн аракетиндеги эркин нерсенин масса борбору тегиз ийри сызык боюнча кыймылдайт, ал эми масса борбору менен күчтүн борборун туташтырган кесинди убакыттын бирдей аралыгында бирдей аянтты сызат. Борбордук күчтүн кыймыл теориясы асман механикасында, космоско учуучу аппараттардын, жасалма жандоочулардын ж. б. кыймылын эсептөөдө кеӊири колдонулат.