ВАТЕРПОЛО
ВАТЕРПО́ЛО с у у д а г ы т о п о ю н у – сууда топ м-н ойнолуучу командалык спорт оюну. Оюндун негизги максаты топту каршылашынын дарбазасына көбүрөөк киргизип, өзүнүн дарбазасына киргизбөө болуп саналат. В. б-ча 1-оюн
1840-ж., 1-мелдеш 1869-ж. Лондондо өткөрүлгөн. Оюн эрежеси 1876-ж. (В. Уилсон м-н) Англияда иштелип чыккан ж-а кийинчерээк көп жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. 1900-жылдан тартып олимпиялык оюндар программасына киргизилип, 1911-ж. В-нун эл аралык федерациясы бул эрежени эл аралык масштабдагы эреже деп жарыялаган. В. аянты 3020 м2 (аялдар үчүн 2520) болгон 180 см тереӊдиктеги тик бурчтуу суу бассейнинде өткөрүлөт. Дарбазасынын туурасы 3 м, суунун үстүндөгү бийикт. 0,9 м, ойнолуучу топтун көлөмү 68–71 см3, салм. 400–450 г. В-нун эрежеси б-ча ар бир командада 11 оюнчу болот. Оюнга ар бир тараптан 7ден киши катышат. Оюн 8 минутага созулган 4 партиядан турат. Эки жолу 2 минуталык ж-а бир жолу 5 минуталык тыныгуу болуп, жалпы оюн 40 минутага созулат. Оюн убагында сууда сүзүү эркин түрдө болуп, бирок топту алып жүрүү ж-а ыргытуу оюнчунун бир колу м-н гана жүргүзүлөт. Топту оюнга киргизүү 30 секундадан ашпоого тийиш. Оюн эрежесин бузгандар 20 секундага оюндан четтетилип, топ каршылаштарына берилет. Оюнчулар мелдешке атайын спорттук кийимчен катышат.