БИООРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ
БИООРГАНИКАЛЫК ЭМЕС ХИМИЯ (органикалык эмес биохимия) – органикалык эмес заттардын тирүү организмдеги биологиялык өзгөрүү процесстерин изилдөөчү, бир жагынан биохимия менен молекулалык биологиянын, экинчи жагынан координациялык кошулмалардын химиясы менен кошулушунан пайда болгон илим. Негизинен организмде айрым биохимиялык функцияны аткаруучу белоктордун, нуклеин кислоталарынын, липиддер жана металл иондуу төмөнкү молекулалуу табигый бирикмелердин комплекстерин изилдейт. Биоорганикалык эмес химиянын изилдөөсүнүн негизги багыты – биохимиялык реакциянын жүрүшүндө металлдын ролун аныктоо. Көптөгөн биологиялык процесстер айрым металл иондорунун таасиринде ишке ашат. Биоорганикалык эмес химия 1950-жылы металл белоктор, металл ферменттер жана биологиялык мембраналардын структурасын жана функциясын изилденгенден кийин өз алдынча илим тармагы болуп калыптанган. 20-кылымдын аягы жана 21-кылымдын башында биоорганикалык эмес химиянын маанилүү багыты – сандык жана сапаттык м е т а л л о м и к а; сандык металломика клеткада металл иондорунун бөлүштүрүлүшүн изилдейт, экинчиси металл иондорунун концентрациясын аныктайт. Клеткадагы металл иондорунун өөрчүү процесстердин же сырткы таасирлердин таасиринде өзгөрүшүн салыштырма металломика изилдейт. Металл иондорунун нормадан жогорулашы же төмөндөшүнөн ар кандай патология өөрчүйт. Биоорганикалык эмес химияда координациялык кошулмалар химиясы, квант химиясы, табигый кошулмалар химиясы жана энзимологиянын түшүнүктөрү колдонулат. Биоорганикалык эмес химиянын практикалык мааниси металл комплекси менен шартталган жаңы дары каражаттарын иштеп чыгуу жана синтездөөгө байланыштуу.