БИОТА
БИО́ТА (гр. biotе – жашоо) – кандайдыр бир белгилүү аймакты ээлеп, ошол жерде калыптанып өнүккөн тирүү организмдер жыйындысы. Биоценоздон айырмаланып, биотанын курамына организмдин ортосунда бири-бири менен экологиялык байланышы жок түрлөр кирет (мисалы, австралия фаунасына кирүүчү кеңгуру жана кош дем алуу органы бар балыктар).