БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:13, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРДУ-ТӨР МӨӉГҮСҮ Көөлү кырка тоосунун түндүк капталында. Көөлү суусунун оӊ куймасы Борду-Төрдүн алабында жайгашкан. Узундугу 5,6 км, аянты 5,7 км2. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5000 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Фирн облусу көп камералуу татаал цирк, андан жылып чыккан мөӊгүнүн «тили» түндүк-чыгышты карай багытталып, шынаа сымал аяктайт. Мөӊгүнүн этеги менен төмөнкү мореналардын аралыгы 700–800 м. Кийинки 50 жылда мөӊгү өзгөрүүсүз бир калыпта жатат. Мөӊгүдөн Борду-Төр суусу агып чыгып, Көөлү суусуна оӊ тараптан куят.