БОРОВКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:49, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРОВКО́В Александр Константинович [16 (29). 3. 1904, Ташкент – 12. 11. 1962, Ленинград] – окумуштуу түрколог. Өзбек ССР ИАнын (1943), СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1958). Орто Азия университетинин Чыгыш таануу факультетин бүтүргөн (1928). Өзбек тилинин тарыхы, грамматикасы, диалектологиясы, лексикографиясы боюнча бир нече эмгектердин автору. Чагатай тилинин сөздүгүндөгү лексикографиялык салттарга өзгөчө көӊүл буруп, Тали Имани Гератскийдин «Бада-и-ал-лугат» (1961) жана «XII–XIII кылымдардагы Орто Азия тефсиринин лексикасы» (1963) сөздүктөрүнүн чыгышына салым кошкон. Фундаменталдуу эски өзбек сөздүгүнүн түзүлүшүнө негиз салган.