БОРОДИН Александр Порфирьевич
БОРОДИ́Н Александр Порфирьевич [31.10 (12. 11). 1833, Санкт-Петербург – 15. (27) 2. 1987, ошол эле жер] – орус композитору, химик. Музыкалык билим алган (фортепьянодо, флейтада, виолончелде ойногон), бир нече тил билген. Медициналык хирургия академиясын бүтүргөн (1856). Медицина доктору (1858). 1859–62-ж. Германияда, Францияда илимий командировкада болгон. Медициналык хирургия академиясында 1862-жылдан адьюнкт-проф. 1864-жылдан ординардык профессор, өмүрүнүн акырына чейин химия кафедрасынын жетекчиси. 1872–87-жылдары аялдар үчүн жогорку окуу жайын – врачтык аялдар курсун уюштуруучулардын бири жана анын окутуучусу. Химия тармагы боюнча 40тан ашуун илимий эмгектин автору. 19-кылымдын 50-жылдарында фортепьяно үчүн пьеса, романстар жаза баштаган. 1862-жылы М. А. Балакирев менен таанышып, анын «Кубаттуу топ» ийримине мүчө болуп кирген. Эӊ маанилүү чыгармасы – «Князь Игорь» операсы. Анын 1-симфониясы (1867), экинчи же Баатырдык симфониясы (1879) жана квартеттери бар. Өз чыгармаларында орус элинин улуттук духун чагылдырган. Бородиндин өрнөктүү салттарын композитор С. С. Прокофьев, Ю. А. Шапорин, А. И. Хачатурян ж. б. уланткан. Анын муз. мурастары Орто Азия, Закавказье элдеринин улуттук музыкалык маданиятынын өсүшүнө да таасир берген.
