БОРОЛДОЙ
БОРОЛДОЙ [монголчо боролж (боролжин) – ак тал же бөрү тал; дай – көптүк мүчө; ак талдуу же бөрү талдуу маанисинде] – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Боролдой айыл округуна караштуу. Бишкек – Ак-Түз автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин шаарынан 18 км түндүк-чыгыш тарапта. 1921-жылы отурукташкан. Калкы 2339 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, оорукана, дарыкана, китепкана, маданият үйү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.