БОРОМБАЙ
БОРОМБАЙ уулу Нурдин (1886, азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району – 1918 же 1919) – акын. Тоголок Молдонун шакирти. Ал кат билген сабаттуу адам болгон. Жаштайынан улуттук оюндарда ырдап, такшалган. Көбүнчө дин жөнүндө ырдаган. Анын насыяттары «Мурас» (1990) жыйнагына чыккан. Ырлары, өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндөгү маалымат «Ала-Тоо» журналына (1996) жарыяланган. Ал элди өзүнө тарта билген таасирдүү, күчтүү акындардан болгонун обончу Калмурат эскерген. «Бешкөл көпүрөсү», «Нуркожо», «Айтышуу», «Өлүм алдында» деген ырлары ооздон-оозго өтүп ырдалган. Айрым маалыматтарга караганда, ал эл чогулган жыйындарда айтышка түшкөн. Боромбай дүйнөдөн эрте өтүп, маӊыздуу чыгармалары элге жетип, атагы жалпы журтчулукка кеӊири жайылып кетпегени менен, эли үчүн күйгөн атуул, уккандарды өнөрүнө багынткан илеби күчтүү акындардан болгон.