БИТУМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:25, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́ТУМ (лат. bitumen – чайыр, асфальт) – сууда эрибеген, катуу же суюк углеводороддун жана алардын суутектүү, күкүрттүү, азоттуу бирикмелеринин аралашмасы. Тыгыздыгы 1000 кг/м3га жакын, 25–90°С темппературада жумшарат. Табигый жана жасалма (нефтини буулантып, крекингдеп, майды тазалоодон калган калдыктардан алынуучу) болуп бөлүнөт. Битум табигый кендерде кездешет же нефть иштетүүдөн калган калдыгы катары алынат. Битум сиӊирилген рубероид үйдүн чатырын жабуучу материал жана суу өткөрбөгүч (гидроизоляциялык) катмар катары кеӊири колдонулат. Битумдан жасалган боёк ар кандай темир буюмду дат басуудан сактайт жана курулушта байыртадан байланыштыргыч материал катары цементтин ролун аткарган. Бетон өндүрүшүндө колдонулуучу толтургуч зат (шагыл ж. б.) менен аралаштырып, жолдун таманын жапса болот. Табигый битум нефтинин (асфальт), таш көмүрдүн, күрөӊ көмүрдүн, чым көӊдүн курамында бар, бензолдо, күкүрттүү көмүртекте, хлороформдо ж. б. эрийт.