БОСТОН 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 30 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСТОН – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 18 км түндүк-батыш тарапта, Кара-Суу темир жол бекетинен 68 км. 15–16-кылымда отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2201 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, амбулатория бар.