БОСТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 30 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́СТОН АСЕМ ИСКУ́ССТВО МУЗЕЙИ – АКШдагы ири көркөм музейлердин бири (1870-жылы негизделген). Музейде Египет, Грекия, Рим искусствосунун эстеликтери топтолгон. Орто кылымдагы Кытай жана Япония, Индия, Азия өлкөлөрүнүн искусствосу (скульптура, живопись, карапа), Англиянын күмүштөн жасалган буюмдары, Франциянын импрессионисттеринин картиналары, 18–20-кылымдардагы Америка живописи (Г. Стюарт, Ж. Вашингтондун портрети, 1796) ж. б. кооздоо жана көркөм сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган.