БОТСВАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:11, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТСВА́НА, Б о т с в а н а Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түштүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн жана батышынан Намибия, түндүк-чыгышынан Замбия жана Зимбабве, түштүгүнөн

жана түштүк-чыгышынан Түштүк Африка Республикасы менен чектешет. Аянты 600,4 миӊ км2. Калкы 2,3 млн (2020). Борбору – Габороне шаары. Расмий тили – англис жана сетсвана тилдери. Акча бирдиги – пула. Ботсвана административдик-аймактык жактан 9 округга жана 5 шаардык муниципалитетке (Габороне, Жваненг, Лобаце, Селеби-Пхикве, Франсистаун) бөлүнөт.

Ботсвана – унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында. Башкаруу формасы – президенттик-парламенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук ассамблея.
Саясий партиялары: Ботсвана демократиялык партиясы, «Ботсвана конгресси» улуттук фронту ж. б.

Окавангонун дельтасы.

Ботсвана Калахари ойдуӊун жана аны курчап жаткан платолорду (бийиктиги 1370 м, Ботсвананын эӊ бийик чокусу – Цодило тоосу) ээлеп жатат. Климаты субтропиктик, түндүгүндө тропиктик. Январдын орточо температурасы 21–27°С, июлдуку 14°–16°С. Август – сентябрда кумдуу бороон болуп турат. Түндүк-батышында Окаванго дарыясынын дельтасы жатат. Саздуу, көлдөрү көп. Ириси – Нгами көлү. Жылдык жаан-чачыны 250–600 мм. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн кыртышы кызыл күрөӊ келип, анда саванна басымдуу. Имсбок, Нцкай-Пан, Чобе – улуттук парктары бар. Пайдалуу кендеринен: алмаз, жез, никель, көмүр, темир, күмүш, жаратылыш газы бар.
Ботсвананын калкынын көбү тсвана (67%; 2003). Банту тобундагы элдердин – каланга (15%), калагади, ндебеле, суто ж. б. улут өкүлдөрү да бар. Калахари ойдуӊунда жана Окаванго дарыясынын дельтасында бушмендер жашайт. Калкынын орточо

Ботсвананын негизги чоӊ шаары – Габороненин жалпы көрүнүшү.

жыштыгы 1 км2 жерге 3 киши. Калкынын орточо жашы эркектериники – 31, аялдарыныкы 30,5. Калкынын 50% салт болуп калган динди, 35%ке жакыны африкалык синкреттик динди, 5%ке жакыны христиан динин тутат. Шаар калкы – 52%. Ири шаарлары: Канье, Серове, Молепололе, Махалацве, Франсистаун, Бобононг, Селиби-Пикве, Лобаце.
Түштүк Африкадагы бай мамлекеттердин бири. ИДПде кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн үлүшү 52%; айыл чарбасыныкы 4,0%; өнөр жайыныкы 44%; анын ичинен тоо-кен өндүрүү 36%. Ички улуттук продукциясы киши башына 2790 доллардан (АКШ) туура келет. Алмаз кенинин ачылышына байланыштуу экономикасы тез өнүгө баштаган. Азыр Ботсвана дүйнөдө алмаз казып алуу боюнча 3-орунда турат (экспортунун 75%ин түзөт). Ботсвана– агрардык өлкө, тоо-кен казып алуу өнөр жайы өнүгүүдө. Алмаз,

Орапада алмаз казып алуу.

никель, марганец, жез казылып алынат. Мааниси боюнча 2-орундагы тармагы – жез-никель өндүрүшү. Суа-Пан туздуу көлүнөн туз жана сода алынат. Айыл чарбасынын негизги тармагы – алыскы жайыттарда багылуучу мал чарбачылыгы. Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жүгөрү, ак жүгөрү өсөт. 2007-жылы 891 млн кВт·с электр энергиясын өндүргөн. Ботсвана аркылуу ТАРды Зимбабве менен байланыштыруучу темир жол өтөт. Темир жолунун узундугу – 971 км, автожолунуку 18,5 миӊ км (2001). Эл аралык Габороне, Касане, Мауне аэропорттору бар. Экспортко алмаз, жез, никель, эт, тери чыгарат. Оор машиналардын жана химия өнөр жайынын продукциясын, транспорт жабдыктарын, резина, текстиль, бут кийим, кагаз жана жыгач буюмдарын, азык-түлүктөрдү, тамекини сырттан алат. Негизги соода шериктештери ЕС өлкөлөрү жана ТАР.
Ботсвананын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы аз изилденген. Байыртадан Ботсвананын аймагын мекендеген өлкөнүн жергиликтүү калкы көчмөн койноин жана сан уруулары кийинчерээк түндүк-чыгыштан келген бантулар тарабынан Калахари чөлүнө сүрүлгөн. 19-кылымдын башында Ботсванага европалыктар

Ботсвана акчасы.

келе баштаган. 1885-жылы Англия өкмөтү бантулардын түндүктөгү жерлерин (азыркы Ботсвананын аймагы) өз протектораты деп жарыялап, аны Бечуаналенд деп атайт. 1910-жылы Түштүк Африка Союзу деп аталган Британ доминиону түзүлгөндө, Бечуаналенд ага көз каранды болуп калат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Африкадагы улуттук-боштондук күрөштүн күчөшү Ботсванадагы улуттук кыймылдын жогорулашына чоӊ таасир тийгизген. 1960-жылы Ботсванада алгачкы саясий партия – Элдик партия түзүлүп, ал Бечуаналендге көз каранды эместикти берүү талабын койгон. 1965-жылы протекторатка өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1966-жылы 30-сентябрда Бечуаналенд көз каранды эмес Ботсвана Республикасы деп жарыяланып, Шериктештиктин курамында кала берген. 1966-жылы 17-октябрда Ботсвана БУУга кабыл алынган. Ботсвананын биринчи президенти Серетсе Кхама. Ботсвана демократиялык партиясынын (БДП) лидери Кхама IIIнүн небереси. Ал коңшулаш Түштүк Родезия, Намибия жана Түштүк Африкадагы расисттик режимдерге каршы күрөшкө байланыштуу окуяларга катышкан. 1970–80-жылдары анын аймагы саясий эмигранттар үчүн баш калкалоочу жай катары колдонулган. 1994-жылы Түштүк Африка Республикасында (ТАР) апартеид режими кулагандан кийин гана тышкы коркунуч жоюлган. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бардык парламенттик шайлоолордо Ботсвана Демократиялык партиясы (БДП) жеңишке жетип, анын лидери Фестус Могаэ өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2004-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча оппозиция парламентте Улуттук фронт партиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик маалымат агентчилиги – «Ботсва пресс аженси» (1981). 1970-жылдан күнүгө өкмөттүк гезит – «Ботсвана дейли ньюс» чыгат. Радио уктуруу (1965) сетсвана жана англис тилдеринде. Ботсванада жыгачты оймо-чиймелеп кооздоо өнүккөн.


Ад.: Волков В. В., Чирков В. С. Ботсвана. М., 1985; Лундберг У. Л. Острова в сердце Африки. М., 1987.