БОТУЛИЗМ оорусу

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БОТУЛИЗМ 1 to БОТУЛИЗМ оорусу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТУЛИ́ЗМ (лат. botulus – колбаса) – ботулис микробу бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеӊири таралган жана анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу. Инфекциянын булагы – жаныбарлар. Алардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заӊ менен сыртка чыгып, айлана-чөйрөнү булгайт. Киши оорунун козгогучтары менен булганган тамак-аш аркылуу (чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак) жугузуп алат. Ботулизмдин жашылча (бадыраӊ, кызылча, баклажан ж. б.), жер-жемиш, козу карын ж. б. өсүмдүктөрдөн үй шартында консерваланган азыктардан болгон түрү коркунучтуу. Себеби жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиӊет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин. Ал адатта булганган тамакты жегенден 12–24 сааттан кийин капыстан башталат. Оорулуу алсызданат, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, оозу жана эрини кургайт, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат, нерв системасы жабыркагандыктан, парез жана паралич (шал) белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Көз жапкагы жабылып (птоз), карек чоӊоёт, аба жетпей деми кыстыгат, муунат, денеси көгөрүп, 2–3 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Ботулизмдеги алгачкы (экстрендик) жардам: ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо жана тезинен канга антитоксин (кан сары суусу) куюлат. Ботулизмди алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда санитария-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технологиялык талапты сактоо керек.