БОШКОЕВ Жоомарт Тербишалиевич
БОШКОЕВ Жоомарт Тербишалиевич (19. 11. 1949-жылы туулган, Талас шаары) – генерал-майор (1993). Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы Жогорку жалпы аскердик окуу жайын (1970), Новосибирск шаарында СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер контрчалгынынын жогорку курсун (1975), СССР мамлекеттик Коопсуздук комитетинин Ташкент шаарындагы Ф. Э. Дзержинский атындагы Жогорку мектебинин чыгыш тилдерин үйрөнүү боюнча атайын курсун (1981), СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Москвадагы Ю. В. Андропов атындагы институтунун чалгынчылардын жетекчи жана оперативдүү курамынын квалификациясын жогорулатуу факультетин (1985) бүтүргөн. Бошкоев 1970–74-жылдарда М. В. Фрунзе атындагы 282-моторлошкон аткычтар полкунда взводдун, кийин ротанын командири, 1975–80-жылдарда СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Өзгөчө бөлүмүнүн Орто Азия аскер округунун 8-моторлошкон аткычтар дивизиясында оперуполномочен, улук оперуполномочен, 1981–84-жылдарда Афганистан Республикасынын коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн. 1985-жылы СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Өзгөчө бөлүмүнүн Орто Азия аскер округу боюнча улук оперуполномочен, 1985–86-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинде улук оперуполномочен, 1986–88-жылдарда Ысык-Көл облустук мамлекеттик коопсуздук комитетинин башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 1988–90-жылдарда Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин мобилизация тобунда улук оперуполномочен, кадрлар бөлүмүндө бөлүмдүн улук оперуполномочени, 1991–92-жылдарда КРдин Президентине караштуу күзөт бөлүмүнүн начальниги, коопсуздук кызматынын начальниги, 1992–2000-жылдарда КРдин Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын начальниги, 2000-жылдан «Кател» компаниясынын генералдык директорунун орун басары, 2008-жылдан «Таатан» соода комплексинин коопсуздук кызматынын начальниги болуп иштеген. Кызыл Жылдыз, Афганистандын Достук ордендери жана Даӊк ж. б. медалдар менен сыйланган.
