БРАЗИЛИА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:59, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗИ́ЛИА – Бразилия Федерация Республикасынын борбор шаары. Калкы 2,0 млндон ашык (2020), 1960-жылы 21-апрелге чейин Рио-де-Жанейро шаарынан расмий которулган. Бразилия бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө, деӊиз деӊгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан, чет жакасы менен Федерация борбордук округун түзөт.

Шаардын телемунарадан көрүнүшү.

Эл аралык аэропорту, метрополитен (2001), тамак-аш, жеӊил өнөр жайы, университет бар. Шаар борбордун функциясын аткаруу үчүн атайын курулган; планда (1957-жылы архитектор Л. Коста иштеп чыккан) самолёттун сөлөкөтүн элестетет. «фюзеляжында» – административдик жана коомдук имараттар, «канаттарында» – турак жай кварталдары, «тумшугунда» – үч бурчтуу аянтында улуттук конгресс сарайы, асман мелжиген секретариат, өкмөт жана юстиция сарайлары (архитектор О. Нимейер) жайгашкан. Аянттын тегерегине министрликтин 20 кабаттуу имараты курулган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.