БРАЗИЛИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗИЛИЯЛЫКТАР (өздөрүн бразильенуш деп аташат) – эл, Бразилиянын негизги калкы. Парагвай, Аргентина, АКШ, Япония, Испания жана Португалияда да жашашат. Жалпы саны 210 млн (2017) адам, анын ичинен Бразилияда 207 млн. Португал тилинде сүйлөшөт, ошондой эле испан тили да кеӊири тараган. Калкы негизинен католиктер (73,6%), протестанттар (15,4%). Бразилиялыктардын этностук негизин пор

Эгемендүүлүк күнү. Сальвадор шаары.

тугалдыктар (португалиялык колониячылар) жана негрлер (Африкадан эрксиз алынып келинген) менен ассимиляцияланган жергиликтүү индейлер (тупи-тапуайялар, аравактар, карибдер) түзөт. Колониялаштыруу мезгилинде (16-кылымдын башы – 19-кылымдын 1-жарымына чейин) расалык-социалдык иерархия түзүлүп, жогорку баскычта ак расадагылар (европалыктар), андан кийинки баскычта метистер (индей португал аргындары) жана мулаттар (негр кулдар менен португалиялык колониячылардын), төмөнкү баскычта кул-негрлер турган. Аймактагы элдердин ортосунда өз ара чарбалык, маданий карым-катнаштардын натыйжасында индейлер португалдардан дыйканчылык жана чарбачылыктын ыкмаларын, тилин, динин, айрым каада-салтын өздөштүргөн. Ал эми португалдар индейлердин турмуш-тиричилигинен, маданиятынан көп нерселерди кабыл алган. Учурда мындай карым-катнаштардын негизинде тилинде 20 миӊдей индей тилинен алынган сөздөр кездешет. Бразилиялыктар индейлердин алачыгы сымал, бирок тери менен жабылган үйлөрдө, айрым жерлерде дубалы топурактан согулуп, чатыры камыш, пальманын жалбырагы же черепица менен жабылган үйлөрдө жашашкан. Көз каранды эместик үчүн күрөштүн натыйжасында 1888-жылы кулчулук жоюлуп, 1889-жылы Бразилиянын республика катары жарыяланышы өнөр жайдын өнүгүшү улуттук биримдиктин күч алышына өбөлгө түзгөн. Бразилиянын түндүгүндө жашаган индейлер жана метистер каучук, жаӊгак жана дары өсүмдүктөрүн жыйноо, ошондой эле мал чарбачылык менен алектенишет. Мындан тышкары кофе өстүрүү кеӊири жайылган. Деӊизге жакын жашагандар балыкчылык менен кесиптенишет. Өлкө калкынын көбү шаарда жашашат. Элдик майрамы жыл сайын өткөрүлүүчү бир нече күнгө созулган – карнавал.
Ш. Керимова.