БРАЙЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЙЛЬ – көзү азиз адамдар жазууга жана окууга ылайыкташтырылган одуракай, чекиттүү шрифт. Француз тифло-педагог, көрүүсү бузулган балдарды окутуп-тарбиялоочу адис Луи Брайль тарабынан иштелип чыккан. Мында тамгалар 6 томпок чекиттин комбинацияларынан түзүлөт. Сандарды тыныш белгилерди, математикалык, химиялык жана ноталык белгилерди айырмалоо үчүн чекиттер кошумчаланган комбинациялар түзүлөт. Азыр бүткүл дүйнөдө кеӊири колдонулат. Ал шрифт менен жазылган туӊгуч китеп 1837-жылы Францияда, кийин 1885-жылы Россияда басылып чыккан.