БРАХМАПУТРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 6 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАХМАПУТРА, Б р а м а п у т р а – Кытай, Индия, Бангладештеги дарыя. Узундугу 2900 км, алабынын аянты 935 миӊ км2 (Ганг жана Мегхна дарыялары кошулганга чейин 506 миӊ км2). Гималайдын түндүк капталынан башталып, Тибет тайпак тоосунун түштүк бөлүгү аркылуу чыгышты карай агып (бул жерде Мацанг, Цангпо деп аталат), Диханг капчыгайында Гималайды жырып өтүп, батыш жана түштүк-батышка карай Бенгал түздүгү (чоӊ имерилишти пайда кылат) менен агат. Бенгал булуӊуна куярда Ганг жана Мегхна дарыялары менен бирге жалпы дельтаны (аянты 80 миӊ км2) түзөт. Негизинен муссон жаандарынан, кардын эрүүсүнөн жана Гималайдын мөӊгү-суусунан куралат. Орточо чыгымы 12 миӊ м3/секга жакын, жайында деӊгээли 10–12 мге чейин көтөрүлөт. Бенгал түздүгүнүн көп бөлүгү жана дельтасы ташкындан жапа чегет. Суу ташкынында сактануу үчүн узундугу 350 кмден ашкан дренаж каналдары, негизги дарыянын жана анын куймаларынын нуктарында жалпы узундугу 3000 кмден ашкан жал тосмолору курулууда. Брахмапутра жана анын көп куймасы сугатка пайдаланылат. Чатынан Диханг капчыгайына (1290 кмге) чейин, Тибет тайпак тоосундагы айрым бөлүктөрүндө кеме жүрөт. Боюнда Шигадзе (Кытай), Дибругарх, Диспур, Ганхати (Индия), дельтасында – Дакка ж. б. ири шаарлар, алабында жер шарындагы эӊ жаанчыл жер – Черапунжи (анда жылында 12 миӊ мм, максимуму 1856-ж. 22,9 миӊ мм жаан-чачын жааган), Лхаса дарыясынын боюнда Лхаса шаары жайгашкан.