БРЕКЧИЯ
БРЕ́КЧИЯ (итал. breccia – сындыруу, талкалоо) – тоо тектердин 10 мм жана андан чоӊураак өлчөмдөгү жумуруланбаган кырдуу сыныкчаларынан камдашып түзүлгөн тоо тек. Брекчия бир же бир нече тоо тек сыныктарынан турат. Сыныкчаларынын өлчөмү боюнча Брекчия келки (>1000 мм), чоӊ, орто, кичине сыныкчалуу (1000–100 мм) жана чоӊ, орто, жумуруланбаган шагыл таштар (100–10 мм) болуп бөлүнөт. Пайда болушуна жараша Брекчия – чөкмө, жанар тоо-чөкмө жана тектоникалык болуп айырмаланат. Брекчиянын кээ бир түрү курулуш материалы катары колдонулат.